Дастан Жумабеков: "Алтын өндүрүүчү ишканалардын салык ставкасын жогорулатуу мезгили келди"

Дастан Жумабеков: "Алтын өндүрүүчү ишканалардын салык ставкасын жогорулатуу мезгили келди"

Депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында ал консолидацияланган республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашканын белгилеп, бул чоң көрсөткүч экенин айтты. Ошол эле учурда, ал алтын казуучу ишканалар үчүн салык ставкаларын жогорулатуу менен бюджетке акча түшүүлөрдү дагы бир нече миллиард сомго көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

"2020-жылы алтындын бир унциясы 1 500 доллар турган, азыр болсо 4 450 долларга жетти. Баалар өсүп жатат, бирок ставкалар өзгөргөн жок. Менимче, убактысы келди", — деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алтын казуучу ишканалар салыктарды максималдуу ставка менен төлөп жатканын билдирди.

Бирок Жумабеков бул пикирге макул болбой, 2022-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенде алтындын баасы мынчалык жогору болот деп эч ким ойлобогонун белгиледи.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте талкууланарын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн. Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти. Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМК жана башка мамлекеттик органдардын ичинде системалык коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, комитеттин кызматкерлери, башка кызмат адамдары жана үчүнчү жактар катышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик коопсуздук комитетинин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө