Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн.

Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер башталган.

Учурда дарыянын нугунан 323 510 тонна сел калдыктары жана кум-шагыл массалары чыгарылды. Тазалоо иштерин 15-апрелге чейин аяктоо пландалууда.

Президент суу объектилеринин экологиялык абалын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чаткал районунан 10 мыкты окуучу Кытайга таанышуу сапарына жөнөп кетти

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди