Казакстанда ишкерлерге жардам берүүчү “Элдик бухгалтер” акциясы старт алууда

Казакстанда ишкерлерге жардам берүүчү “Элдик бухгалтер” акциясы старт алууда

Казакстандын Финансы министрлиги ишкерлерге салыктык эсептерди жүргүзүүгө жардам берүүчү “Элдик бухгалтер” акциясын демилгелеп жатат.

Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Финансы министри Мади Такиев бүгүн, 23-декабрдагы өкмөттүн жыйында билдирди.

Zakon.kz маалымат булагы жарыялагандай, акциянын максаты - жеке ишкерлерге жана чакан бизнеске бухгалтердик жана салыктык отчетторду даярдоодо жана тапшырууда консультациялык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Акцияны өткөрүү форматтары:

• Расмий ресурстар аркылуу, анын ичинде өз алдынча Telegram-каналда  онлайн-консультациялар;

• Оффлайн жана онлайн вебинарлар;

• Отчеттук мезгилдердеги тематикалык консультациялык сессиялар.

Акцияга төмөнкүлөр тартылат:

• Кесипкөй бухгалтерлер жана аудиторлор;

• Кесипкөй бухгалтердик биримдиктердин өкүлдөрү;

• Аймактык мамлекеттик киреше органдарынын адистери – түшүндүрмө берүү жагынан.

«Биз бул акцияны жылдын биринчи жарымында өткөрүүнү сунуштайбыз. Мамлекеттик кирешелер комитети өз кезегинде тейлөө моделин ишке ашыруу жана бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча аракеттерин күчөтөт», - деп белгиледи министр Мади Такиев.

Буга чейин Казакстан салык карыздарын мажбурлап өндүрүүгө болгон мамилесин өзгөртүп жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн. Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти. Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМК жана башка мамлекеттик органдардын ичинде системалык коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, комитеттин кызматкерлери, башка кызмат адамдары жана үчүнчү жактар катышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик коопсуздук комитетинин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө