Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Саламаттык сактоо тармагында 6,5 миң дарыгер жана 8,5 миң медайым жетишпей жатканын Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов билдирди.

Мындан тышкары, 3,5 миң медайым жана болжол менен 2 миң техникалык кызматкер тартыш экени белгиленди.

Досмамбетов кадрлардын жетишсиздиги саламаттык сактоо системасында каржылоодон кийинки эле экинчи ири көйгөй болуп саналганын айтты.

"Жалпысынан алганда 23 миңге жакын адис жетишпейт — бул абдан кооптуу көрсөткүчтөр, муну моюнга алышыбыз керек. Негизги чечим — эмгек акыны жогорулатуу. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып айлык акыны 50%га көтөрүү пландалып жатат", — деди ал.

Ошондой эле ал эмгек акы олуттуу жогоруласа, Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди ишке тартууга ишенимдүү шарт түзө аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн. Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти. Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМК жана башка мамлекеттик органдардын ичинде системалык коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, комитеттин кызматкерлери, башка кызмат адамдары жана үчүнчү жактар катышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик коопсуздук комитетинин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө