Б.Төрөбаев: "Теке Секирик" долбоорун долбоорлочу уюм табылбай келет"

Б.Төрөбаев: "Теке Секирик" долбоорун долбоорлочу уюм табылбай келет"

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Ырысбек Атажанов МинКаб орун басарына Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан "Теке Секирик" долбоору тууралуу суроо узатты.

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда долбоор боюнча техникалык-экономикалык эсеп (ТЭЭ) даярдалганын билдирди.

"Бул жерде сөз бир гана суу сактагыч тууралуу эмес, гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу маселеси да бар. Бул максатта 16 миң гектар жерди пайдаланууну көздөп жатабыз", — деп тактады ал.
Торобаевдин айтымында, долбоорду иштеп чыгууга 50 млн сом каралган. Бирок буга чейин мындай ири объектти долбоорлоочу уюмду табуу мүмкүн болбой келет.

Суу ресурстары кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган "Теке Секирик" долбоору жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Бул — ирригациялык каналдарды, ГЭСти жана суу сактагычты камтыган гидротехникалык объекттердин тармагын курууну көздөгөн инфраструктуралык долбоор.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорду ишке ашырууга 30 млрд сомго жакын каражат талап кылынат. Учурда долбоордук документация иштелип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон