ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жүгүртүү макулдашуусуна кол койду. Кыргызстанга ал эмне берет?

ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жүгүртүү макулдашуусуна кол койду. Кыргызстанга ал эмне берет?

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Индонезия эркин соода жүгүртүү жөнүндө макулдашууга кол коюшканын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Индонезия менен преференциалдык соода келишимин түзүү экспортту көбөйтүү жана Индонезия рыногуна жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан Индонезия рыногуна өз товарларын жеңилдетилген шартта экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. Жеңилдик берилген товарлардын тизмесине төмөнкүлөр кирди:

  • Айыл чарба азыктары: эт (уй, кой), балык, сүт азыктары, жашылча-жемиштер.
  • Суусундуктар: минералдык суулар жана ширелер.
  • Өнөр жай товарлары: кийим-кече (жеңил өнөр жай), тиричилик техникасы жана электротехника.

Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана Индонезиянын динамикалуу өнүгүп жаткан рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берип, жаңы перспективаларды ачат.

Мындан тышкары, Индонезия тарабынан кыргыз товарларына карата бажы алымдарынын орточо деңгээли 11%га төмөндөтүлдү, ал эми айрым позициялар боюнча алымдардын ставкалары толугу менен жокко чыгарылды. Бул ата мекендик товарлардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media