Кыргыз токендери бүгүн Binance криптовалюта биржасында сатыла баштайт

Кыргыз токендери бүгүн Binance криптовалюта биржасында сатыла баштайт

Эң ири криптовалюта биржасы Binance өзүнүн спот платформасында жеткиликтүү соода инструменттеринин тизмесин кеңейтүү планын жарыялаганы анын расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, жаңы KGST/USDT жубу үчүн соода 2025-жылдын 24-декабрында саат 8:00дө башталат.

Белгилей кетсек, KGST – Кыргызстандын улуттук стейблкоини, кыргыз сомуна 1:1 катышында байланган. Буга чейин токендерди криптовалюта аянттарында жайгаштыруу үчүн тесттик операциялар жүргүзүлгөн болчу. KGST стейблкоининин корлору(запастары) өлкөнүн мамлекеттик банктарында сакталып турат.

Колдонуучулар сооданы баштоого даярдануу үчүн KGST токенин Binance эсептерине сала алышат. Биржадан KGST акчасын алуу 2025-жылдын 25-декабрында болжол менен саат 8:00дө (UTC) күтүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, KGST стейблкоини санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында ишке киргизилген. Ал BNB Chain блокчейнинде иштейт. Бул эсептешүүлөрдү жана санариптик активдерди Кыргызстандын жана аймактын каржы системасына интеграциялоону жөнөкөйлөштүрүү үчүн иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media