Кыргызстан быйыл негизги 6 азык-түлүк менен өзүн өзү камсыздады

Кыргызстан быйыл негизги 6 азык-түлүк менен өзүн өзү камсыздады

Айыл чарба министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып Кыргызстан быйыл калктын негизги 9 азык-түлүк продуктусунун ичинен 6 түрү — сүт, эт, картошка, жашылчалар, кант жана жумуртка боюнча өзүн өзү камсыздаганын билдирди.

Жыл ичинде агрардык сектордогу макроэкономикалык абал туруктуу бойдон калган. Айыл чарбасынын жалпы дүң продукциясынын көлөмү 437 млрд сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 2%га өскөнү айтылат министрликтин маалыматында.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Хканалдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда

Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында тартип орнотуу иштери уланууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты — суу сактагычтын айланасындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу жана мыйзамсыз иш жүргүзүү фактыларын аныктоо, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу

Мыйзам бузуу фактыларына күбө болсоңуз – Бишкек мэриясына кабарлаңыз

Мыйзам бузуу фактыларына күбө болсоңуз – Бишкек мэриясына кабарлаңыз

Бишкек шаарынын мэриясы коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана өз ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу максатында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө ишеним телефондору иштеп жатканын маалымдайт. Жарандар жана юридикалык жактар коррупциялык тобокелдиктер, мыйзам бузуулар, кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышы жана башка ушул сыяктуу фактылар боюнча кайрылууларын жолдой алышат. Кайрылууларды кабыл алуу үчүн

Кыргызстан менен Беларусь айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстан менен Беларусь айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

5-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар үрөнчүлүк тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүнө 20 см кар жаады

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүнө 20 см кар жаады

7-июнда Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүнө калыңдыгы 15-20 см кар жаап, мал жандыктарга кыйынчылык жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматкерлер тарабынан малчыларга 335 түк чөп жеткирилип берилди. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясынын өкүлдөрү Сырт өрөөнүнүн тургундары менен жолугуп, кабар алышты. Эске салсак, кар Ак-сай өрөөнүнө да жаап,