Зергерчилик тармагында салык ставкасы жүгүртүүнүн 0,25%ын гана түзөт

Зергерчилик тармагында салык ставкасы жүгүртүүнүн 0,25%ын гана түзөт

Зергерчилик тармагына карата мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан жеңилдиктер постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да жок экенин Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекетке зергерчилик тармагында иш алып барган 47 гана өндүрүүчү расмий түрдө белгилүү, ал эми алардын көпчүлүгү көмүскө экономикада иштеп жатат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору зергерлер үчүн коңшу мамлекеттерде жок болгон бир катар жеңилдиктерди карайт.

"Жалпысынан зергерчилик тармагы үчүн салык ставкасы жүгүртүүнүн болгону 0,25%ын гана түзөт", — деп белгиледи МСКнын төрагасы.

Ал кошумчалагандай, бул чараларды ишке ашыруу:

  • зергерчилик тармагын легалдаштырууга,
  • жаңы жумуш орундарын түзүүгө,
  • эмгек миграциясынын деңгээлин төмөндөтүүгө,
  • калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга оң таасирин тийгизет.

Шыкмаматов зергерчилик тармагы чоң потенциалга ээ экенин белгилеп, мамлекеттик колдоонун негизинде ал алдыдагы беш жылдын ичинде туруктуу өнүгүүгө жетише аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media