Ак-Талаа районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ак-Талаа районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке берилди. Ишкананын негизги максаты — айыл тургундарынын уйларынан алынган сүттү сатып алып, сапаттуу сүт азыктарын өндүрүү.

Долбоор облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, курулушка жалпы 30 млн сом каражат жумшалган. Ишкана суткасына 1000 литрге чейин сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда 6 адамды туруктуу жумуш оруну менен камсыз кылды.

Жаңы ишкананын ачылышы айыл чарба продукциясын жеринде кайра иштетүүнү өнүктүрүп, жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө жана айыл тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Ишкана өндүргөн сүт азыктары ички рынокко багытталып, сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык чыгарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу өчүрүлөт

17-сентябырда саат 09:00дөн - 19:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүү району: эски аэропорттун аймагы, Ч. Айтматов проспектиси, Токтоналиев көчөсү, Т. Океев көчөсүндө болот. Бишкексууканал  муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда,

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарындын Мин-Булак айыл аймагында мамлекетке 4,9 млн сом зыян келтирилген

Нарын облусунун Нарын районундагы Мин-Булак айыл аймагында эки комбайн сатып алууда мамлекетке 4 млн 945 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү Кыргызстандын Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын корутундусу менен белгиленген.

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Санарип рубль жүгүртүүгө чыгарылды

Россияда 1-сентябрдан тарта санарип рубль улуттук валютанын накталай жана накталай эмес акчадан кийинки үчүнчү формасы  - расмий жүгүртүүгө киргизилди. Эксперт Сергей Щербаков басылмасына санарип рублдин өзгөчөлүктөрү жана аны колдонуу тартиби тууралуу Газета.Ru басылмасына айтып берген. Санарип рубль — кадимки рубль сыяктуу эле төлөм каражаты. 1 санарип рубль 1 кадимки рублге

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Apple компаниясы алгачкы бүктөлмө iPhone жана iPhone 18 Pro смартфондорун тааныштырды

Калифорниянын Купертино шаарындагы Стив Жобс театрында Apple компаниясынын жаңы өнүмдөрүнүн бет ачары болуп өттү. Иш-чараны компаниянын жаңы дайындалган башкы директору Джон Тернус биринчи жолу өткөрдү. Бул тууралуу Газеты.Ru басылмасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, бет ачардын жүрүшүндө Apple компаниясы өзүнүн алгачкы бүктөлмө смартфонун — iPhone Duo моделин тааныштырды. Аппарат ачылган учурда