Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча 14-жыйын өттү

Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СПЖК) 14-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жыйындын алкагында 2025-жыл үчүн СПЖКнын 2025–2027-жылдарга карата планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары чыгарылып, Кыргыз Республикасында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы стратегиялык артыкчылыктар жана негизги багыттар белгиленди. Өзгөчө көңүл санариптештирүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана аймактык кызматташтык маселелерине бурулду.

Иш-чарада тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, күтүү убактысын кыскартууга жана шарттарды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүү боюнча видеопрезентация көрсөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө