Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат
Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, районундо 480 млн сомго калкты тейлөө борборун куруу жана айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо пландалууда.
Калкты тейлөө борборунун курулушуна 180 млн сом, ал эми айылдарды таза суу менен камсыздоого 300 млн сом каралган.
Бул долбоорлор райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу