Манас районунда 400 млн сомдук долбоор ишке ашырылат

Манас районунда 400 млн сомдук долбоор ишке ашырылат

Талас облусунун Манас районундагы Семетей айылында жалпы наркы 400 млн сомду түзгөн эки ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу маалымат өлкө башчысы Садыр Жапаровго Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында берилди.

Маалыматка караганда, долбоорлордун алкагында 200 млн сомго узундугу 47 чакырымды түзгөн таза суу системасы курулат. Ошондой эле 200 млн сомго калкты тейлөө борборун куруу пландалууда.

Долбоорлор калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоого, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Манас районунда инвестиция тартуу боюнча көрсөткүчтөр да айтылды. Маалымдалгандай, 2021-жылы инвестициялардын көлөмү 293 млрд 465,2 млн сомду түзсө, 2025-жылы 3 трлн 175 млрд 848,5 млн сомго жеткен.

Ал эми 2026-жылдын тогуз айында инвестициялардын көлөмү 2 млрд 82 млн 946,1 миң сомду түзгөн. Жыл жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 2 млрд 177 млн 946,1 миң сомго жетери болжолдонууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

“Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат

Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду

Кыргыз-россия соода-экономикалык маселелери каралды