Оштун Толман айылында 75 орундуу бала бакча курулууда

Оштун Толман айылында 75 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Ноокат районундагы Толман айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулууда.

Курулуш министрлигинен объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун жалпы наркы 69 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1105 чарчы метрди түзүп, бала бакча бир кабаттуу болуп курулууда. Анда бөбөктөрдүн тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат.

Объекттин курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Учурда имараттын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери башталды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

“Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат

Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду

Кыргыз-россия соода-экономикалык маселелери каралды