Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду

Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду

Айтматов районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, 44 социалдык объект курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында айтылды.

Билдирүүгө караганда, курулган объекттердин катарында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорт залдар жана маданий объекттер бар. Учурда дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, акыркы жылдары райондо 61 чакырым жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген. Учурда Сарымсак каналын оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле 7 айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат

Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

“Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат

Кыргыз-россия соода-экономикалык маселелери каралды