Курултайда Жерүй алтын кенин мамлекетке алуу маселеси коюлду

Курултайда Жерүй алтын кенин мамлекетке алуу маселеси коюлду

Бишкек шаарынан келген делегат Долос Муратов IV Элдик курултайдын алкагында медицина тармагын өнүктүрүү үчүн Жерүй алтын кенин мамлекетке кайтарууну сунуштады

Ал Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык жети облусунда заманбап нейрохирургия, кардиоинсульт, реабилитация, офтальмология борборлорун керектигин билдирди.

"Каражатты кайдан алабыз деген суроого мындай деп жооп берем. Кумтөр сыяктуу эле Жерүй кенин мамлекетке кайтарып алсак, бул өлкөгө миллиарддаган пайда алып келмек", — деди ал.

Мындан тышкары, Долос Муратов “Дастан” заводунда медицина үчүн керектүү титан жана башка материалдарды чыгаруу боюнча станокторду орнотууну да сунуштады.
Эске салсак, Жерүй — алтын-кварц формациясына таандык кен, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан. Кенди иштетүү укугу "Альянс Алтын" компаниясына таандык.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси — Сабир Рахматов. "Альянс Алтын" ЖЧКсынын негиздөөчүсү — "Чыгыш-геологиялык өндүрүшү" компаниясы болуп саналат. Россиялык ММКлардын маалыматы боюнча, бул компания "Русская платина" ЖЧКлар тобуна кирет.

"Альянс Группасынын" президенти жана "Русская платинанын" тең ээси — Муса Бажаев.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон