С.Жапаров: Шаардын саркынды сууларын тазалоочу объект 56 млн долларга жаңыртылат

С.Жапаров: Шаардын саркынды сууларын тазалоочу объект 56 млн долларга жаңыртылат

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда бишкектик делегат Аида Усупкееванын канализация маселеси боюнча кайрылуусуна жооп берди.

Президенттин айтымында, канализацияга байланышкан бул көйгөй Совет мезгилинен бери уланып келе жатат.

"Бишкектин төмөн жагындагы тазалоочу курулмалар таптакыр тазаланбай калган. Аэропортко бара жатып жанынан өткөндө жагымсыз жыт сезилчү. Биз бул объектти 56 миллион долларга жаңылап жатабыз", — деди ал жана Бишкек шаарынын мэринен иштер качан бүткөрүлөрүн сурады.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган объект келерки жылдын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди. "Андан кийин жыт жоголот, ошондой эле башка канализациялык түтүктөр да кошулат. Бул багытта эки жылдан бери иштер жүрүп жатат", — деп белгиледи президент.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти