2026-жылдын 22-январынан тартып электромобилдерди ташып кирүүдө бажы алымы алынбайт

2026-жылдын 22-январынан тартып электромобилдерди ташып кирүүдө бажы алымы алынбайт

Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына электромобилдерди алып кирүүгө байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдери күчүнө кириш мөөнөттөрү жөнүндө маалымдады.

Бажы кызматынын билдирүүсүнө караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин электромобилдерге карата ташып кирүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү жөнүндө чечими 2026-жылдын 22-январынан тартып күчүнө кирет.

Бул чечим Кыргызстанга ташып келүүчү «таза электр унааларына»

(ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 3) жана «ырааттуу гибрид унааларга»

(ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 8703 80 000 5) тиешелүү.

Ушул эле күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасына айрым транспорт каражаттарынын түрлөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Комиссиянын актылары да күчүнө кирет.

Ушуга байланыштуу, Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына - электромобилдерди ташып кирүүгө тарифтик жеңилдик жана квоталар 2026-жылдын 1-январынан тартып эмес, тактап айтканда 2026-жылдын 22-январынан тартып гана колдонула тургандыгы айтылууда.

Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына электромобилдерди ташып кирүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон