Манас районунда өнөр жай өндүрүшү 501 млрд сомго жетери күтүлүүдө
Манас районунда 2026-жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 396,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында берилди.
Маалыматтарга ылайык, жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 501,4 млрд сомго жетери күтүлүүдө.
Райондун мамлекеттик бюджетинин көлөмү 2021-жылы 83 млрд 110,3 млн сомду түзсө, 2025-жылы 195 млрд 149 млн сомго жеткен. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 158 млрд 360,8 млн сомду түзүп, жыл аягында 208 млрд 440,8 млн сомго жетери болжолдонууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу