Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташууну талкуулады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташууну талкуулады

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CSCEC" компаниясынын "2-инженердик бюросунун" өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, тараптар кызматташуунун багыттарын жана компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Атап айтканда, Майлуу-Суу шаарында кубаттуулугу 26 кВт болгон чакан гидроэлектр станциясын куруу, ошондой эле Асман шаарын куруу демилгелери каралды. Мында компаниянын долбоорлорго катышуусунун мүмкүн болгон форматтары жана каржылоо тартуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чараларын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана талкууланган долбоорлорду иштеп чыгууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Британиялык саякатчы дүйнөнү жөө 28 жылда айланып чыкты

Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат

Манас районунда өнөр жай өндүрүшү 501 млрд сомго жетери күтүлүүдө

Бишкекте 2026-жылдан бери автобустардын катышуусундагы 521 жол кырсыгы катталды

Айтматов районунун бюджети 5 жылда 3 эседен ашык өстү