Британиялык саякатчы дүйнөнү жөө 28 жылда айланып чыкты
Улуу Британиялык Карл Бушби 28 жылга созулган дүйнөнү жөө кыдыруу сапарын аяктап, мекенине кайтып келди. Ал бул убакыт аралыгында төрт континентти жана 30 өлкөнү басып өтүп, жалпысынан 50 миң чакырымга жакын жол жүргөн. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазып чыкты
Маалыматка ылайык, Бушби саякатын 1998-жылдын ноябрь айында Чилинин Пунта-Аренас шаарынан баштаган. Анын максаты - эч кандай транспорт колдонбостон, дүйнөнү жөө айланып чыгуу болгон. Саякатчы жолдо бир катар татаал сыноолорго туш болгон. Ал Беринг кысыгынан муз үстү менен өтүп, Каспий деңизин жана Ла-Манш кысыгын сүзүп өткөн. Россиянын аймагындагы жолду басып өтүүгө дээрлик 10 жыл кеткен.
2008-жылдагы каржы каатчылыгы, COVID-19 пандемиясы жана виза алуудагы кыйынчылыктар анын сапарын бир нече жолу үзгүлтүккө учураткан. Сапардын акыркы чекити Улуу Британиянын түндүгүндөгү Халл шаары болгон. Саякатчыны мекендештери, жакындары жана журналисттер тосуп алышкан.
Эми Бушби жаңы долбоорлорго, коомдук иш-чараларга жана эскерүүлөрүнүн уландысын жазууга көңүл бурууну пландап жатат. Мындан тышкары, немис режиссёру Вернер Херцог анын 28 жылдык саякаты тууралуу даректүү тасма тартып жаткандыгы белгилүү болду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу