Инвестициялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы 12,4% өстү

Инвестициялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы 12,4% өстү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйынын уюштурушту.

Анын жүрүшүндө, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык багыттагы ченемдик базаны түзүү боюнча активдүү иш жүрүп жаткандыгын, тактап айтканда чет мамлекеттер менен инвестицияны колдоо жана өз ара коргоо борюнча 12 келишим иштеп жаткандыгын билдирди.

“КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2025-жылдын жарым жылдыгында түз чет элдик инвестициялардын агымы 562 млн АКШ долларын түздү. Ал эми 2024-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 462 млн АКШ долларын түзгөн. Демек, инвестициялардын көлөмү 2024-жылдын 1 жарым жылдыгына салыштырмалуу 21,7% көбөйдү– деп билдирди, Р.Сабиров.

Анын айтымында, Кыргызстандын негизги инвесторлору болуп Кытай, Россия, Туркия ж.б өнөктөш мамлекеттер саналат. Инвестициянын агымынын негизги багыттарын: кайра иштетүү өнөр жайы; кен байлыктарын казып алуу ж.б түзөт.

2025-жылдын сентябрь айына карата, Улуттук агенттикти жалпысынан 5,9 млрд АКШ доллардан ашуун инвестициянын көлөмүн 15тен ашуун инвестициялык долбоорлор коштоп жүрөт. Инвестициялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы болжол менен 12,4% өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды. Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткен шаарында эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы соода түйүндөрүндө эттин баасын көзөмөлдөп, сатуучуларды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырышты. Учурда шаарда кой этинин 1 килограммы 850 сомдон, уй эти 800 сомдон