Күйүүчү майга болгон кырдаал кандай?

Күйүүчү майга болгон кырдаал кандай?

2025-жылдын декабрына карата Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар акырындык менен өсүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты Республиканын калктуу конуштары боюнча айрым керектөө товарларынын орточо бааларынын күнүмдүк мониторингинин натыйжасына таянып, Улуттук статистика комитети жарыялады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, күйүүчү майга болгон баалар 2025-жылдын ноябрына салыштырмалуу декабрь айында өсүүсүн улантууда.

Күйүүчү майдын түрү

2025 ноябрь айына орточо баалар (сом)

2025 декабрь айына орточо баалар (сом)

А-95 маркадагы автомобиль бензини

81,21

81,58

А-92 маркадагы автомобиль бензини

76,29

76,47

Дизель майы

80,80

81,10

Эске салсак, 2025-жылдын август айынан бери бензин жана дизелдик отундун баалары жогорулоосун баштаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 80,5 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды

Британиялык саякатчы дүйнөнү жөө 28 жылда айланып чыкты

Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат

Манас районунда өнөр жай өндүрүшү 501 млрд сомго жетери күтүлүүдө

Бишкекте 2026-жылдан бери автобустардын катышуусундагы 521 жол кырсыгы катталды