Кыргызстанда азык-түлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 8,9%га кымбаттады

Кыргызстанда азык-түлүк баасы былтыркыга салыштырмалуу 8,9%га кымбаттады

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөнү айтылат.

Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%, кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган.

Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.

2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4% кымбаттаган.

Буга чейин Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторинги жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаганын көрсөткөн. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жеткен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 80,5 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды

Британиялык саякатчы дүйнөнү жөө 28 жылда айланып чыкты

Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат

Манас районунда өнөр жай өндүрүшү 501 млрд сомго жетери күтүлүүдө

Бишкекте 2026-жылдан бери автобустардын катышуусундагы 521 жол кырсыгы катталды