Кыргызстандын кредиттик рейтинги эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулады

Кыргызстандын  кредиттик рейтинги эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулады

Аналитикалык кредиттик рейтинг агенттиги (АКРА) Кыргызстандын узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин эл аралык шкала боюнча BB- деңгээлине чейин жогорулатты. Агенттиктин билдирүүсүндө айтылгандай, чет өлкөлүк жана улуттук валютадагы рейтингдер боюнча божомол "Туруктуу" деп бааланган, бул жакынкы 12–18 ай ичинде рейтингдин өзгөрүүсүз калышы ыктымал экенин билдирет.

АКРАнын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк валютадагы рейтинг BB-, улуттук валютадагы рейтинг да BB-деңгээлине көтөрүлгөн. Бул чечим методологиянын жаңыланышы, институционалдык чөйрөгө берилген баалардын өзгөрүшү жана бир катар факторлордун кайра каралышы менен байланыштуу.

Позитивдүү факторлордун катарында АКРА мамлекеттик карыздын орточо жана төмөндөп жаткан деңгээлин, жеңилдетилген карыздын үлүшү жогору болгондуктан пайыздык чыгымдардын аздыгын, экономикалык өсүштүн жогору болушун жана эл аралык өнүктүрүү институттары тарабынан туруктуу колдоону белгилейт. Ошондой эле отчетто экономиканын түзүмүндө мамлекеттик жана квазимамлекеттик сектордун үлүшү салыштырмалуу төмөн экени көрсөтүлгөн.

Тобокел факторлору катары калктын жашоо деңгээлинин төмөн болушу жана тышкы секторго болгон жогорку көз карандылык айтылат. Тактап айтканда, АКРАнын маалыматына ылайык, калк башына эсептелген ИДП учурдагы баалар менен 2,5 миң доллардан бир аз жогору.
2025-жылы импорттун түзүмүндө Кытай Эл Республикасынын үлүшү болжол менен 47%, Россиянын үлүшү 20% түзгөн. Чет өлкөдөн акча которуулар 2019–2023-жылдары орточо эсеп менен ИДПнын төрттөн бир бөлүгүн түзсө, 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки мезгилде бул көрсөткүч АКРА болжолдогон учурдагы жылдын ИДПсынын 16,3%ына чейин кыскарган.

Мамлекеттик каржы блогу боюнча АКРА 2020-жылы ИДПнын 68%ына чейин өскөн мамлекеттик карыз 2021–2024-жылдары турукташып, 2025-жылдын август айына карата 42%ды түзгөнүн билдирет. Агенттиктин маалыматы боюнча, бюджет 2023-жылы ИДПнын 0,9%ы, 2024-жылы 2,4%ы өлчөмүндө профицит менен аткарылган. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча да профицит болушу мүмкүн экени айтылат.

Тышкы позиция боюнча АКРА учурдагы эсептин терс сальдосунун жогору экенин, бирок 2025-жылы аны кыскартуу тенденциясы байкаларын, ошондой эле резервдердин карызды жана импортту жабуу деңгээли төмөн экенин белгилейт. Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Улуттук банкынын валюта резервдери 2025-жылдын ноябрь айынын аягына карата 8,27 млрд долларга жеткен. Ошол эле учурда, 2025-жылдын ноябрь айына карата резервдердин жалпы тышкы карызды (корпоративдик ички карыздын бир бөлүгүн эсепке албаганда) жабуу деңгээли 75%ды, ал эми 2024-жылы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортун жабуу мөөнөтү төрт айды түзгөн. Тышкы мамлекеттик карыз 2025-жылга АКРА болжолдогон ИДПнын 24,7%ы, ички мамлекеттик карыз — ноябрь айынын башына карата 17%ы деп бааланган.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Айыл чарба министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, Жыйында министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды. Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү

Баткен шаарында эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы соода түйүндөрүндө эттин баасын көзөмөлдөп, сатуучуларды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырышты. Учурда шаарда кой этинин 1 килограммы 850 сомдон, уй эти 800 сомдон

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жыйын Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында өттү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун, ал эми Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүү

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

“Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргызстанга алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган.