Министрлик халал сертификат кайсы мекеме тарабынан берилерин түшүндүрдү
Экономика жана коммерция министрлиги халал-индустрия чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Аталган маселе Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков тарабынан айтылган.
Мекеме билдиргендей, 2021-жылдан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси иштеп келет.
Ал Кыргызстанда халал-индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Ошол эле учурда халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын берүү аталган мамлекеттик мекеменин ыйгарым укуктарына кирбейт.
КРнын "Кыргыз Республикасындагы халал-индустрия жөнүндө" мыйзамына ылайык, халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо аккредитациядан өткөн сертификаттоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
2026-жылы "Халал-индустрияны өнүктүрүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коому аккредитациядан өтүп, учурда халал стандарттарына шайкештик сертификаттарын берүү менен алектенүүдө.
"Аталган уюмдардын аталыштары окшош болгондугуна байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды жана ишкердик субъекттерин бул уюмдарды чаташтырбоого, алардын функциялары менен ыйгарым укуктарынын айырмачылыктарын эске алууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу