Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан "Беш-Таш–Кайыңды" минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөнүн Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү министрлиги билдирди.

Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган. Ошондой эле ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундарын түзүлөт.

Кичи завод заманбап технологиялар жана эл аралык стандарттарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Өндүрүш процесси сапатты көзөмөлдөөнүн бардык талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

"Беш-Таш–Кайыңды" минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун ишке берилиши Талас облусунун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 80,5 млн сомдук мектептин курулушу аяктап калды

Британиялык саякатчы дүйнөнү жөө 28 жылда айланып чыкты

Айтматов районунда 480 млн сомго 2 долбоор ишке ашырылат

Манас районунда өнөр жай өндүрүшү 501 млрд сомго жетери күтүлүүдө

Бишкекте 2026-жылдан бери автобустардын катышуусундагы 521 жол кырсыгы катталды