Сахалин облусунан Азербайжан, Кыргызстан жарандары сыртка чыгарылды

Сахалин облусунан Азербайжан, Кыргызстан жарандары сыртка чыгарылды

Сахалин облусунун сот аткаруучулары миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандардын кезектеги тобун аралдан чыгарып жибергени маалымдалды. Алардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн акча табуу максатында келген, бирок иштөөгө зарыл болгон документтерди расмий түрдө тариздешкен эмес.

Текшерүү учурунда Азербайжан, Кыргызстан жана башка мамлекеттерден келген мигранттардын миграциялык карталарынын мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган. Ошондой эле алардын жашаган жери боюнча каттоосу, эмгек келишимдери же патенттери болгон эмес. Укук коргоо органдары Россия Федерациясында болуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ар бир чет өлкөлүк жаранга административдик протокол түзүшкөн.

Сот ар бир мыйзам бузууга 2 миң рубль өлчөмүндө айып пул салып, Россия Федерациясынын аймагынан мажбурлап чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Бардык документтер таризделгенден кийин сот аткаруучулары чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арага чейин коштоп барышкан. Эми бул жарандарга Россияга беш жыл бою кирүүгө тыюу салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Кыргызстанда Juventus футбол академиясын ачуу пландалууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Juventus Academy Kyrgyzstan инвестициялык долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жыйын Улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Н. Койчумановдун жетекчилиги алдында өттү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр футбол борборун, ал эми Ысык-Көл облусунда эл аралык окуу-машыгуу комплексин түзүү

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген унаалар аныкталды

“Түндүк” темир жол бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргызстанга алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган.

Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Таласта 93 миң гектардан ашык токойдун чек аралары такталууда

Бакай-Ата жана Талас токой чарбаларында жалпы 93 037,4 гектар жер аянтынын абалын баалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Токой кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, топографиялык жана геодезиялык иштер аткарылып, токой тилкелерине баа берилип, биотүрдүүлүгү талданып жатат. Ошондой эле чек аралык мамылар орнотулууда. 2026-жылдын 1-июнунан бери токойду

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

Бишкектеги Манас көчөсүнүн бир тарабы жабылды

20-августта жол оңдоо иштерине байланыштуу Манас көчөсүнөн аба майданы тарапка кеткен жолдун бир тарабы бир күнгө убактылуу жабылды. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жабыла турган жол тилкеси Чоң Чүй каналынан Пригородное айылына чейинки аралыкты камтыйт. Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын тургундарынжана конокторун, оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү