31-декабрь КРнын Бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

31-декабрь КРнын Бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Жыл сайын 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул майрам Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын салттарынын уландысын өнүктүрүү жана камсыз кылуу максатында 2006-жылдын 15-февралындагы №98 Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы менен бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин куттуктады. Өз сөзүндө төрага 2025-жылга карата бажы кызматына төлөмдөрдүн прогнозу 2024-жылга салыштырмалуу 23,2 пайызга жогору болгондугун баса белгиледи.

“2025-жылдын 29-декабрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 156,6 млрд сом камсыздалып, болжол 103,2 % аткарылды же белгиленген көрсөткүчтөн 4,9 млрд сомго көп жыйналды. Бул жыйынтыктар бажы тутумунун туруктуулугун жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун тастыктайт”-деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Билдирүүгө караганда, жылдын аягына чейин бажы кызматы 157 млрд сом чогултууну мерчемдеп жатат, бул бекитилген болжол 5,3 млрд сомго көп. Мындан сырткары бажы органдарынын кызматкерлерине болгон жүктөм олуттуу түрдө өсүп жаткандыгын А.Касымалиев билдирди.

“Акыркы жылдары иштетилген бажы декларацияларынын саны бир нече эсеге көбөйдү: 2021-жылы алардын саны болжол менен 113 миңди түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 630 миңден ашты. Мындай өсүш штаттык кызматкерлердин санын көбөйтүү менен эмес, санариптештирүү, автоматташтыруу жана бизнес-процесстерди кайра карап чыгуу аркылуу камсыздалып, бажылык башкаруунун туруктуулугун жана жогорку сапатын сактоого мүмкүндүк берди” – деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 5 жылда 50 социалдык объект курулду

Токтогул районунда 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалымдалгандай, алардын катарында 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү, 2 клуб, 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы бар. Ошондой

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Таш-Көмүрдө жаңы көмүр ишканасы жыл аягына чейин ачылат

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында көмүр казып алуу жана кайра иштетүүчү жаңы ишкананы 2026-жылдын аягына чейин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду "Таш-Көмүр" коомдук фонду ишке ашырууда. Мамлекет башчысы Таш-Көмүр шаары Жалал-Абад

Ишкер Media
Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media