Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүргөн фермерлерге жеңилдетилген каржылоо сунушталат

Асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүргөн фермерлерге жеңилдетилген каржылоо сунушталат

Кыргызстандын агрардык секторунун туруктуу өнүгүшү үчүн асыл тукум мал чарбачылыгын жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү негизги шарт болуп саналарын радио эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы климаттык шарттарды эске алуу менен асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында министрлик тарабынан атайын буйрук кабыл алынып, жер-жерлерге жиберилген. Бул документ белгилүү бир табигый шарттарга эң ылайыкташкан породаларды багуу жана көбөйтүүнү карайт.

"Тактап айтканда, тоолуу аймактар үчүн тоо климатына чыдамдуу, татаал шарттарда жайлоодо багууга жана кыймылдоого ылайыкташкан породалар аныкталган. Алардын катарына абердин-ангус, симментал, монбельярд жана герефорд сыяктуу эт-сүт багытындагы породалар кирет. Ал эми өрөөндөрдө жана сүт өндүрүүгө багытталган аймактарда голштин-фриз, швейцар, кара-ала, күрөң, ошондой эле симментал жана монбельярд породалары сунушталат", — деди министрдин орун басары.

Керималиев белгилегендей, голштин-фриз породасы сүттүүлүгү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, сүт багытындагы мал чарбачылыгында кеңири колдонулат. Жалпысынан сунушталган породалардын көпчүлүгү сүт же эт-сүт багытына таандык жана Кыргызстандын шарттарына жакшы ылайыкташкан.

Асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо максатында Айыл чарба министрлиги фермерлер үчүн жылдык 3% менен жеңилдетилген каржылоону караган атайын программаны иштеп чыккан. Бул чара өлкө ичинде асыл тукум мал сатып алууга да, ошондой эле чет өлкөдөн алып келүүгө да тиешелүү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда учурда 186 асыл тукум чарба иш алып барууда. Расмий асыл тукум чарбалардан мал сатып алган фермерлер жеңилдетилген пайыздык чен менен каржылоого ээ боло алышат. Асыл тукум малдын негизги бөлүгү Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле Россия жана Казакстандан алынып келинет.

Ошол эле учурда министрдин биринчи орун басары асыл тукум мал сатып алууда этият болуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, айрым учурларда фермерлер теги жана документтери тастыкталбаган малды сатып алышат, натыйжада мындай мал убакыт өтүшү менен асыл тукумдуулугун жоготуп, кадимки товардык малга айланып калат.

Ушуга байланыштуу ал фермерлерди асыл тукум карталарын, тектүү экенин ырастоочу документтерди сөзсүз текшерүүгө, ошондой эле Айыл чарба министрлигине, аймактык агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына жана ветеринардык кызматтарга кайрылып, кеңеш алууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media
Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди. Бул жаңы ыкма менен сатып алган товарыңыздын акысын POS-терминалдын камерасына карап эле төлөй аласыз. Банк картасын же смартфонду алып чыгуунун, QR-кодду сканерлөөнүн кереги жок. Кардардын өздүгү тастыкталгандан кийин төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт. "Жылмаюу менен төлөө" кызматынын

Ишкер Media
Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт. Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап

Ишкер Media