Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Байерлер кайсы салык режиминде иштеши керек жана кайсы салыкты төлөшөт?

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, байерлер өз ишмердүүлүгүн төмөнкү режимдер боюнча жүргүзүүгө укуктуу:

  • бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасы боюнча;
  • же жалпы салык режиминде.

Жөнөкөйлөтүлгөн салык режимин колдонгон учурда, байерлер бирдиктүү салыктын стандарттык ставкаларын колдонушат:

  • 2% — накталай эмес (банктык) эсептешүүлөрдө;
  • 4% — накталай акча менен эсептешүүлөрдө.

Бул ставкалар Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" подпунктуна ылайык белгиленген.

Маалымат үчүн:
Байер (англ. buy — "сатып алуу") — бул товарларды өзү, башка адамдар же бизнес үчүн издеп таап жана сатып алуу менен алектенген кесипкөй сатып алуучу. Көбүнчө байерлер чет өлкөлүк рыноктор менен иштеп, тренддерди, рынокторду жана мыкты жеткирүүчүлөрдү билүүнүн аркасында убакытты жана каражатты үнөмдөшөт. Алар сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда ортомчу болуп чыгышы мүмкүн, дүкөндөр үчүн ассортимент түзүшөт, кийим-кече, электроника, чийки зат сыяктуу товарларды сатып алууга жардам берип, жеткирүү жана логистика маселелерин уюштурушат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media