Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 2026-жылдын 1-январына карата 66,31 миллиард долларга жеткенин Борбордук банкы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында резервдер $5,07 миллиардды түздү же 8,3%га көбөйгөн. Ал эми жыл жыйынтыгында жалпы өсүш 61%ды түзгөн.

Резервдердин түзүмүндө алтын негизги орунду ээлеп келет. Алтын корунун (запастарынын) наркы 6-ай катары менен рекорд жаңылап, 55,09 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч бир ай ичинде 4,2 миллиардга же 8,32%га өскөнүн билдирет.

Алтындын физикалык көлөмү 12,6 млн унцияга жетип, 391,9 тоннага барабар болду. Декабрь айында резервдер болжол менен 0,4 млн унцияга (12,4 тоннага) көбөйтүлгөн.

Валюта бөлүгү да өсүп, 829,1 млн долларга же 8,45%га көбөйүп, 10,64 миллиард долларды түздү. Анын ичинен 1,48 млрд чет өлкөлүк борбордук банктарда жана Эл аралык валюта фондунда жайгаштырылган. Дагы 7,6 млрд доллар башка чет өлкөлүк каржы мекемелеринин эсептеринде сакталууда.

Чет элдик баалуу кагаздарга салынган каражат 1,53 миллиард долларды түздү. Бирок алардын резервдердеги үлүшү 2,31%га чейин кыскарды.

Мындан тышкары окуңуз

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет. "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы