Тоголок алтын кенине тоо-кен техникалары жеткирилди

Тоголок алтын кенине тоо-кен техникалары жеткирилди

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы иштеп жаткан Тоголок алтын кенине атайын оор тоо-кен техникасынын кезектеги партиясы жеткирилди.

Компаниядан билдиришкендей, жеткирилген техника кенди өздөштүрүү боюнча иштердин толук комплексин жүргүзүүгө арналган. Тоголок кени Кыргызстандагы тоо-кен тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоорлордун бири катары бааланат.

Учурда кенде пайдаланууга даяр төмөнкү техникалар бар: Shacman маркасындагы төрт самосвал, "НефАЗ" маркасындагы эки вахталык автобус, эки фронталдык жүктөгүч, эки бульдозер, автогрейдер жана экскаваторлор.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта Тоголок кенине кошумча карьердик техникаларды, анын ичинде экскаваторлорду, самосвалдарды жана жүктөгүчтөрдү жеткирүү пландалууда.

Компанияда заманбап техниканы колдонуу өндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатып, алтын казууда өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоону камсыз кыларын белгилешет. Ошол эле учурда кенде инфраструктуралык объекттерди куруу жана казып алуу иштерин баштоого даярдык көрүү улантылып жатат.

Тоголок — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан алтын кен. Ал деңиз деңгээлинен болжол менен 3,6–3,9 миң метр бийиктиктеги тоолуу аймакта орун алган. Алдын ала баалоолор боюнча алтындын ресурстары 17–20 тоннага чейин жетет. Кен 1978-жылы ачылган.

Мындан тышкары окуңуз

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media