Жеке ишкерликти кайра каттоо 10 мүнөттү гана алат

Жеке ишкерликти кайра каттоо 10 мүнөттү гана алат

Кыргызстандын Салык кызматы индивидуалдык ишкерлерди онлайн түрдө кайра каттоочу сервисти Cabinet.salyk.kg порталына киргизгенин ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы санариптик чечим ишкерлерге каттоо маалыматтарын алыстан, салык органдарына жеке барып-келбестен өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда бул процедура 2–3 иш күнүн талап кылса, эми ал толугу менен автоматташтырылып, орто эсеп менен 5–10 мүнөттүн ичинде бүтөт.

Сервис күнү-түнү иштейт жана дүйнөнүн каалаган жеринен жеткиликтүү.

"Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" жаңыртылган алкагында функция үч негизги жаңы опция менен кеңейтилди. Эми ишкерлер өз алдынча төмөнкүлөрдү жасай алышат:

  • юридикалык дарек өзгөргөн учурда салык каттоосу районун өзгөртүү;
  • башка салык режимин тандоо же реквизиттерди жаңылоо;
  • жаңы экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүн кошуу.

Кызматты алуу үчүн платформага кирип авторизациядан өтүү, ыкчам панели аркылуу "Жеке ишкерликти кайра каттоо" бөлүмүнө кирүү, электрондук форманы толтуруу жана өзгөртүүлөрдү сактоо жетиштүү.

Долбоор "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылып, чакан жана орто бизнес үчүн салык процедураларын жеңилдетүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык