Жаңы "Ош базары" комплексиндеги коммерциялык жайлар январь айынын аягында сатыла баштайт

Жаңы "Ош базары" комплексиндеги коммерциялык жайлар январь айынын аягында сатыла баштайт

Жаңы курулуп жаткан "Ош базары" комплексиндеги коммерциялык жайларды сатуунун башталышы 2026-жылдын январь айынын аягына пландалып жатканын 24.kg редакциясына КРнын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.

Базардын аймагында курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө, объекттин монолиттик бөлүгү дээрлик толук бүткөрүлгөн. Курулушка жооптуу тараптардын божомолуна ылайык, аймактагы ири соода объекттеринин бири 2026-жылдын жай айынын башында ишин башташы мүмкүн.

Базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Анын ичинен 50 миң чарчы метри соода аянттарына, 20 миң чарчы метри кампалык жайларга бөлүнгөн. Долбоордо ошондой эле чатыр менен жабдылган жашылча базары жана 500 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Ишкерлерди көчүүгө алдын ала даярданууга чакырышууда.

Долбоор Президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылып, заманбап соода инфраструктурасын түзүүгө багытталган. Жаңы жабык базар көчө соодасын алмаштырып, ишкерлерге санитардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүп бериши керек.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media