Чет өлкөдө иш жүргүзгөндөр эми 0,1% гана бирдиктүү салык төлөшөт
Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда жалпы салык режимин колдонууга укугу бар болгон субъекттер 2026-жылдын 1-январынан тартып бирдиктүү салык режимине гана өтүшөт.
Чет өлкөдө иш жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин өзүнүн катталган жери боюнча 0,1% ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү тууралуу арыз берүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда салыктарды төлөө 2026-жылдын 1-январынан тартып, арыз берилген күнгө карабастан жүргүзүлөт.
МСК белгилегендей, бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрында кабыл алынган мыйзамдын негизинде Салык кодексине киргизилип, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, экспорттук кызматтарды жана эл аралык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.