Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга чектөө киргизди

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга  чектөө киргизди

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу кызматына 140 миң 264 жаран кошулганын Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Өзүнө өзү тыюу салуу механизми насыяларды мыйзамсыз алуу жана алдамчылык операцияларын азайтуу максатында ишке киргизилген. Жарандар бул чектөөнү мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу бекер киргизет жана алып салат.

Маалымат тандаган кредиттик бюролорго жөнөтүлөт, ал эми финансы уюмдары өзүнө өзү тыюу салуу орнотулган учурда насыя берүүдөн баш тартууга милдеттүү.

Механизмге тиешелүү мыйзам өзгөртүүлөрү 2025-жылдын жайында президент тарабынан кол коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Нарындагы турак жай комплексин куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Нарындагы турак жай комплексин куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Тянь-Шань Сити" турак жай комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан турак жай комплексинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптары

Германияда ишсиз калган кыздар боюнча Тышкы иштер министрлиги жооп берди

Германияда ишсиз калган кыздар боюнча Тышкы иштер министрлиги жооп берди

Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Samara Academy уюмунун программалары аркылуу Германияга барган Кыргызстандын жарандарына байланыштуу жаралган жагдай тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык,министрлик Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында зарыл болгон консулдук-укуктук

Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

Караколдо мамлекеттик тил талаптарына ылайык келбеген жарнамалар оңдолот

23-июлда Каракол шаарында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Асангазы кызы Элнура, мэриянын мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын облустук

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Кубанычбек Турганбаев дайындалды. Тиешелүү дайындоо жөнүндө буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Кубанычбек Турганбаев 23-июлда, министрликтин жамаатына тааныштырылды. Кубанычбек Турганбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында