ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди.

Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани Кыргызстандын уюмдун ишмердүүлүгүндөгү активдүү ролуна, анын ичинде маданий долбоорлорду илгерилетүүдөгү салымына жогору баа берди. Кыргыз тараптын кайрылууларына байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын эки иш-чарасына - VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумуна ЮНЕСКОнун патронажын берүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media