Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.

Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды.

Иш-чаранын негизги максаты — мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, суу биоресурстарын коргоо жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Сары-Булак – Соң-Көл жолуна асфальт төшөлдү

Сары-Булак – Соң-Көл жолуна асфальт төшөлдү

Нарын облусундагы Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 8,6–13,6-чакырым аралыгындагы жалпы узундугу 5 чакырымды түзгөн тилкеге асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жумуштар №14 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, сапат талаптары сакталуу менен аткарылды. Жолдун бул бөлүгүнүн

Миң-Булактын тургундары полигондогу түтүн боюнча бир нече ирет кайрылышкан

Миң-Булактын тургундары полигондогу түтүн боюнча бир нече ирет кайрылышкан

19-августта Чүй облусунун Миң-Булак айылындагы таштанды талаасынан чыгып жаткан түтүн жана жагымсыз жыт маселеси талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн депутат Карим Ханжеза жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова менен таштанды талаасына келип, жооптуу жетекчилер менен маселени

Кадамжай жана Ноокатта мектеп, бала бакча жана тез жардам көйгөйү көтөрүлдү

Кадамжай жана Ноокатта мектеп, бала бакча жана тез жардам көйгөйү көтөрүлдү

Кадамжай жана Ноокат райондорунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларда бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат Жаныбек Аматов 19-августта аймакта болуп, калк менен орчундуу көйгөйлөрдү талкуулады. Алсак, Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүндөгү Полман айылынын тургундары жпсихоневрологиялык ооруканада тез жардам унаасынын жоктугу

Коммерциялык банкка 64 миң 518 сом айып пул салынды

Коммерциялык банкка 64 миң 518 сом айып пул салынды

Улуттук банк тиешелүү талаптарды сактабагандыгы үчүн коммерциялык банкка 64 миң 518 сом өлчөмүндө айып салды. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, чечим үстүбүздөгү жылдын 13-июлунан 9-августуна чейинки базалык мезгилдин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттүү камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн салынган. Кыргызстандын