Кыргызстанда 2025-жылы жашоо минимуму 8 миң 697 сом болду

Кыргызстанда 2025-жылы жашоо минимуму 8 миң 697 сом болду

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимуму 8 миң 697 сом 32 тыйын болгонун Улуттук статистика комитети маалымдады.

Калктын топтору боюнча негизги көрсөткүчтөр

  • Эмгекке жарамдуу калк — 9 миң 738 сом 29 тыйын
    • эркектер үчүн — 9 миң 983 сом 49 тыйын
    • аялдар үчүн — 9 миң 694 сом 40 тыйын
  • Пенсионерлер — 7 миң 699 сом 36 тыйын
  • Балдар — 7 миң 379 сом 7 тыйын
    (жаш курагына жараша 6 миң 556 сом 44 тыйындан 8 миң 416 сом 92 тыйынга чейин өзгөрөт)

Керектөө баштыгынын түзүмү

Жарандардын чыгымдарында азык-түлүк товарлары негизги үлүштү түзүп, аларга 5 миң 653 сом 26 тыйын кеткен.

  • Азык-түлүк эмес товарларга — 1 миң 391 сом 57 тыйын
  • Кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миң 478 сом 54 тыйын
  • Салык төлөмдөрүнө — 173 сом 95 тыйын туура келген.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Бишкек шаарында катталган — эмгекке жарамдуу эркектер үчүн 10 миң 349 сом 67 тыйын,
ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 10 миң 243 сом 23 тыйын.

Эң төмөн көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталып, ал жерде жашоо минимуму 7 миң 908 сом 10 тыйынды түздү (жалпы калк үчүн).

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media