"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды.
Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды.
Алар:
- Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл короо" номинациясында биринчи орунду ээлеген;
- Көлмө конушунун Теңдик көчөсү "Конуштардагы эң мыкты жашыл көчө" номинациясында жеңүүчү деп табылган.

2026-жылы сынакты өткөрүүгө 2,8 млн сом каралган болсо, 2027-жылы бул сумманы 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда.

Ошондой эле мэр ар бир номинация боюнча биринчи орун үчүн берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмүн 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.