Кыргызстанда күйүүчү майлар 1–1,5 сомго арзандады

Кыргызстанда күйүүчү майлар 1–1,5 сомго арзандады

Кыргызстанда күйүүчү майдын баалары 1–1,5 сомго төмөндөгөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлү Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, декабрдын аягында орус нефть кайра иштетүү заводдору жылдык сезондук арзандатууларды сунуштайт. Бул жылы декабрдын аягында дүң баалар азайгандыктан, айрым компаниялар келишим түзүп, күйүүчү майдын белгилүү көлөмүн сатып алышкан. Бул партиялар азыр өлкөгө келгенден кийин айрым күйүүчү станцияларында баа 1 сомго, кээ бир жерлерде андан да көп төмөндөдү.

Канат Эшатов белгилегендей, жакын арада жаңы баалар белгиленет, ошондуктан күйүүчү майдын келечектеги баасы так болжолдонбойт. Орусиялык заводдор сунуштаган дүң бааларына жараша Кыргызстандагы чекене баалар аныкталат.

Мындан тышкары окуңуз

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет. "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы