Кыргызстанда тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн колдонот

Кыргызстанда тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн колдонот

Бүгүнкү күндө тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн жана чет өлкөлүк жумушчуларды колдонуп жатканын "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында ишкер Асель Атабекова билдирди.

Ал бул маалымат расмий эмес статистика экенин белгиледи.

"Бизде чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бирок биздин мыйзамдар, тактап айтканда, Эмгек кодексинин чет өлкөлүк жумушчуларды тартуу жана колдонуу эрежелерин бузгандыгы жөнүндөгү 93-беренеси өтө жумшак. Дээрлик бардык өндүрүүчүлөр өз ишканаларына чет өлкөлүк жумушчуларды тартып жатышат. Бул бааларды төмөндөтүүгө алып келет. Экинчиден, тигүүчүлөрдү окуткан мекемелер аларды жоготкондуктан атаандаштыкка жөндөмсүз болуп калат. Үчүнчүсү, бул көмүскө экономиканын улануусуна себеп болот. Мындан тышкары, бул салык кирешелеринин мамлекеттен жашырылышына алып келет", — деди Асель Атабекова.

Ал учурда Эмгек кодексинде мындай мыйзам бузууга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул каралганын, бирок ишкананын ээси аны оңой эле төлөп, жумушчуларды тартууну уланта берерин белгиледи.

Ишкердин пикири боюнча мыйзамда Россиядагыдай айып пулду көбөйтүп, кошумча чара катары ишкананын ишмердүүлүгүн 90 күнгө токтотуу керек.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media