"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы тигүү өнөр жайына эмгек мигранттарын тартуу максатында Кыргызстанда иштеп жаткан Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну өтүнгөнүн ассоциациянын өкүлү "Ала-Тоо" депутаттык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бангладеш жарандары өлкөгө келишимдердин негизинде тартылып, расмий түрдө иштеп, салык төлөп жатышат.

"Ушуга байланыштуу биз компаниялар аркылуу расмий катталган эмгек мигранттарынын жумуш визаларын узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Алар тартылган учурда келишимдерде эмгек шарттары жана иштөө мөөнөттөрү так көрсөтүлөт", — деди "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу.

Ассоциациянын өкүлү визалар узартылбаса, өндүрүш процесстери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Ал эми айрым иш берүүчүлөр келишим шарттарын сактабай, чет өлкөлүк жумушчуларга турак жай бербеген учурлар бар экенин белгиледи. Натыйжада кээ бир чет элдик жарандар жашай турган жери жок калууда. Ошол эле учурда бардык талаптарды так аткарып, салык төлөп иштеген компаниялар да бар экенин айтты. Анын айтымында, бардык шарттар сакталган учурда эмгек акынын өздүк наркы төмөн болот.

"Алардын мессенжерлерде өз тайпалары бар, ошол жакта айлык акы 500–600 доллар экенин айтып жатышат. Азыр абал өтө оор — чет өлкөлүк жумушчулар цехтен цехке өтүп жүргөн жергиликтүү тигүүчүлөрдөн да жаман абалга келип калды. Бирок бул маселеге ыкчам чара көрүп жаткан укук коргоо органдарына ыраазычылык билдиребиз", — деген ал бул тармакты катуу жөнгө салуу зарыл экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media