Кыргызстанга 400 миң долларга чейин инвестиция салуучуларга 30 жылдык виза берүү каралат

Кыргызстанга 400 миң долларга чейин инвестиция салуучуларга 30 жылдык виза берүү каралат

Кыргызстанга 300-400 миң доллар инвестиция сала тургандарга 20-30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда дүйнөдө түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 трлн долларга бааланып, Кыргызстан бул ири рыноктон өз үлүшүн алууну максат кылууда.

“Эгер мурда инвесторлорго негизги сунуш жер тилкелери менен чектелсе, бүгүнкү күндө мамлекет жеңилдиктер топтомун ишке киргизип жатат. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу, бир нече түрдөгү салыктардан узак мөөнөткө жеңилдик берүү ири, улуттук жана стратегиялык долбоорлор үчүн олуттуу дем берет. Айрыкча, жеңилдиктердин мөөнөтүн кошумча 5 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү инвесторлорго туруктуулук жана ишеним берет”, - деди Жээналиев.

Белгилей кетсек, өзгөчө көңүл бурулуучу дагы бир багыт венчурдук каржылоону жана стартап экосистемасын өнүктүрүү экендигин маалымдалды.

“Бүгүнкү күндө венчурдук каржылоо деген түшүнүк бар. Венчурдук каржылоо – бул стартаптарды каржылоо болуп эсептелет. Тилекке каршы, бизде бүгүн ал база жок болуп турат. Бул базаны биз мыйзам түрүндө Жогорку Кеңешке киргизип, эгер кабыл алынса дүйнөлүк стартап фонддорду өлкөгө тартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”, - дейт ал.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media