ИИМ менен TSARKA калкты каржылык алдамчылыктан коргойт

ИИМ менен TSARKA калкты каржылык алдамчылыктан коргойт

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги TSARKA менен биргеликте калкты каржылык алдамчылыктан коргоого багытталган долбоорду ишке киргизгенин ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшкан. Долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өз натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделген.

"Долбоордун негизги куралы — “визуалдык пауза”. Банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери алдамчылардын психологиялык абалын өзгөртүп, кырдаалды ойлонуп чыгып, салмактуу чечим кабыл алууга шарт түзөт", — деп айтылат пресс-релизде.

ИИМ ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбага таянып, мындай чаралар каржылык кылмыштардын санын 40%га чейин азайтууга жардам берерин белгилейт.

Бул демилгенин алкагында ИИМ жана TSARKA жарандардын каржылык коопсуздугун алдын алуу жолу менен коргоону негизги максат кылып коюшкан.

TSARKA — бул киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору. Команда системалардагы алсыз жактарды аудиттен өткөрөт жана текшерет, киберинциденттерди иликтейт жана компанияларга коргонуу системасын түзүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media