Бийлик акиташ-ракушечниктерди тышка чыгарууга тыюу салат

Бийлик акиташ-ракушечниктерди тышка чыгарууга тыюу салат

МинКаб өлкөдө өндүрүлгөн же казылып алынган акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары чыгарууга алты айлык убактылуу тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Тыюу ЕАЭБдин Товардык номенклатурасы боюнча тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн коддору 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 менен классификацияланган чийки затка жана материалдарга жайылтылат. Аларга:

  • иштетилбеген же одоно майдаланган акиташ-ракушечник. (Ракушечник — бул деңиз моллюскаларынын кабыктарынан (ракушкаларынан) түзүлгөн табигый акиташ теги)
  • ошондой эле тик бурчтуу же чарчы формадагы кесилген блоктор жана плиталар кирет.

Токтом долбоорунда төмөнкү чаралар каралган:

  • ЕАЭБден тышкары экспортко алты айлык тыюу салуу;
  • үч күндүн ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына жана КМШнын Аткаруу комитетине милдеттүү түрдө кабарлоо;
  • мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюу боюнча Бажы жана Чек ара кызматтарына тапшырма берүү;
  • 2025-жылдын 3-сентябрындагы №553 токтомду күчүн жоготту деп таануу.

Документтин негизги максаты — маанилүү минералдык чийки заттын көзөмөлсүз экспорттолушуна жол бербөө, өлкөнүн ресурстук базасын сактоо жана ички рынокко туруктуу камсыздоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү жол-жобосу каралды

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү жол-жобосу каралды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын  башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяланды. Алгач МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жетектеген кыргыз делегациясынын курамына кирген ондон ашуун Кыргызстанда мунай менен

Кыргыз-өзбек чек арасында “Мамай” өткөрмө пункту курулууда

Кыргыз-өзбек чек арасында “Мамай” өткөрмө пункту курулууда

18-августта Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан “Мамай” эл аралык өткөрмө пункту текшерилди. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда бул посттун ачылышы жана Кербен – Мамай автожолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул демилге Аксы району үчүн гана эмес, кыргыз-

Ысык-Көлдө катуу жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Ысык-Көлдө катуу жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

20-августта Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаашы мүмкүн. Жаандан улам сел жана суу ташкындары жүрүү коркунучу жаралат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Облустун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жана суу ташкындарынын коркунучу сакталууда. Жергиликтүү тургундарга жана туристтерге этият болуу – айрыкча капчыгайларда, дарыялардын нугунда же сел өтүүчү каналдардын

Ой-Тал тилкесине баруучу жол оңдолуп, көчөт отургузууга шарт түзүлдү

Ой-Тал тилкесине баруучу жол оңдолуп, көчөт отургузууга шарт түзүлдү

Орток токой чарбасы 2027-жылы Ой-Тал тилкесинин 100 гектар аянтына көчөт отургузат. Буга байланыштуу аталган тилкеге баруучу жол оңдолду. Токой кызматы мамлекеттик органынын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 21 чакырым жолду "ДЭП-22" ишканасы акысыз оңдоп берди. Белгиленгендей, аталган аракеттер көчөт отургузуу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле токой