Кыргызстан менен ЭВФ кызматташтыгы: экономикалык реформалар талкууланды

Кыргызстан менен ЭВФ кызматташтыгы: экономикалык реформалар талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Фарид Талышлы менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЭВФтин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Анда ЭВФтин өлкөнүн түзүмдүк реформаларын алдыга жылдырууда жана экономиканы өнүктүрүүдө көрсөтүп келе жаткан колдоосу өзгөчө белгиленди.

Акыркы жылдары ишке ашырылган масштабдуу түзүмдүк реформалар эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан оң бааланып, алар ишкердик активдүүлүктү турукташтырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.

Белгилүү болгондой, 30 жылдан ашуун убакыттан бери ЭВФ Кыргызстанда 12 маанилүү программаны ишке ашырып, экономиканы колдоого, жакырчылыкты кыскартууга жана туруктуу, инклюзивдик өсүштү камсыздоого салым кошуп келет.

Ошондой эле акыркы үч жылда өлкө экономикасынын орточо өсүү темпи 9,0%ды түзгөнү белгиленип, бул көрсөткүч экономиканы модернизациялоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттик башкаруудагы реформаларга багытталган натыйжалуу мамлекеттик чаралардын жыйынтыгы экени айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media