Кыргызстандан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү

Кыргызстандан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөгөнүн маалымдады.

Салык кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, анда 2026-жылдын 1-январынан тартып алар бир гана бирдиктүү салык режиминин алкагында иш жүргүзө алышат.

Чет өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландап жаткан салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү тууралуу арыз тапшырууга милдеттүү.

Бул учурда көрсөтүлгөн салык режимине ылайык салыктарды төлөө арыз берилген күнүнө карабастан, белгиленген мөөнөттүн чегинде 2026-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.

Эске салсак, Салык кодексине бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Кыргызстанга 13 млн 638 миң сомдук электр жабдуулары алынып келинди

Энергетика тармагын жаңылоонун алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактары үчүн заманбап өлчөөчү трансформаторлордун биринчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабдуулар “Электр энергетика тармагын жаңылоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун 2-компоненти – “Бөлүштүрүүчү тармакты санариптештирүү” багытынын алкагында сатып алынууда. Бул максатта “АльянсСпецТех” ЖЧКсы менен жалпы 41 млн 640 миң сомдук

Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Кыргызстандагы АӨБ каржылаган долбоорлордун ишке ашырылышы талданды

Финансы министрлигинде 2026-жылдын экинчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен каржыланып жаткан долбоорлордун ишке ашырылышы каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана долбоорлорду ишке ашыруучу

Кара-Көлдө тургундардын сунушу менен жаңы жол чырактар орнотулду

Кара-Көлдө тургундардын сунушу менен жаңы жол чырактар орнотулду

Кара-Көл шаарында көчөлөрдүн түнкү жарыктандыруу тутумун жаңылоо иштери уланууда. Жарактан чыккан жол чырактары жаңыларына алмаштырылып, жарык жок көчөлөргө кошумча чырактар орнотулууда. Кара-Көл шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Бишкек – Ош жолунун калаага тиешелүү тилкесиндеги, ошондой эле Серый, Кулданбаев, Ленин жана Чубак ажы Жалилов көчөлөрүндөгү жол чырактар жаңыртылды.

Кара-Суу районунда чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүктөр кармалды

Кара-Суу районунда чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүктөр кармалды

Ош облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 3 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош ОИИБ менен Кара-Суу РИИБдин кызматкерлерине чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп, Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашырынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.