Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Базарларда же соода түйүндөрүндө кээ бир жеке ишкерлер нак акча менен соода кылууну талап калып жатканы азыр жарандар арасында түшүнбөстүк жаратууда. Массалык түрдө аталган жагдай байкалбаганы менен мындай фактылар бар. Буга байланыштуу Мамлекеттик Салык кызматынын банктар менен өз ара иш алып баруу боюнча башкы инспектор Аяна Айтиева бүгүн Биринчи радиого түшүндүрмө берди.

Адистин айтымында, көбүнчө ишкердик менен алектенген субъектилер өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жеке жактарга же башка бирөөлөргө катталган накталай эмес төлөм инструменттерин колдонушат. Бирок, ишкер сөзсүз түрдө ишкердик операцияларын ишкердик эсебине байланган электрондук капчыгы менен жүргүзүшү керек.

“Мисалы мен жеке ишкермин дейли. Мен анда Кыргызстандагы каалаган коммерциялык банктан эсеп ачышым керек. Бизде 23 коммерциялык банк бар. Ошонун бирин тандап алып, ал жактан сөзсүз түрдө ишкердик эсебин ачып, ал эсепке  ишкердик электрондук капчыкты байлашым керек”- дейт Айтиева.

Салык кызматынын өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бул талап жаңычылык болуп эсептелбейт. Убагында коммерциялык банктар буга көзөмөл жүргүзбөй коюшкан. Ал эми салык кызматы азыр ишкерлердин жеке электрондук капчыгын же башка адамдарга катталган электрондук капчыктарын колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчиликти гана киргизгендигин белгиледи.

“Банк мыйзамдарына жана Улуттук банк менен Минкаб тарабынан бекитилген банк эсептери жана аманаттар менен иштөө боюнча нускамасына ылайык, эгер ишкер банкта жеке эсеп ачкан болсо, аны жеке максаттарда гана колдонушу шарт. Аны менен коммуналдык кызматтар, байланыш кызматына, азык-түлүккө ж.б сатып алууга карата жеке капчыгын колдонсо болот. Эгерде коммерциялык банк тобокелдикке негизделген моделдерге ылайык, сиздин жеке капчыгыңызды ишкердик максаттарда колдонуп жатканыңызды аныктаса, өз кардарына карата тиешелүү чараларды көрөт”.

Тагыраагы, бизнес үчүн ачылган эсепке эмес, жеке эсеби аркылуу ишкердик операциялар жүргүзүлүп жаткан болсо, коммерциялык банк тарабынан айып пул салынышы күтүлөт.

Ушуга байланыштуу, айрым амалкөй ишкерлер бизнес үчүн ачкан банк эсебиндеги каражаты ири болуп кетсе, ага ылайык салык төлөмү да өсүп кетишин алдын алып, базарларда же соода түйүндөрүндө нак акча менен соода кылып жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media